Бүгүн, 3-августтан тартып Улуттук банк “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл” аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды.
Маалыматка ылайык, монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга басып бараткан ак илбирс чагылдырылган. Ал өлкөнүн улуттук символу катары Кыргызстандын улуулугун, күчүн жана жаратылыш байлыгын туюнтат. Ошондой эле монетада “Эгемен Кыргыз Республикасы” деген жазуу, 100 сом номиналы жана “35 жыл” белгиси түшүрүлгөн.
Арткы бетинде Кыргызстандын герби кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүнүн курак оймо-чиймелеринин фонунда жайгашкан. Ошондой эле анда “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” деген жазуу, чыгарылган жылы, металлдын сапат белгиси Au 999 жана салмагы 7,78 грамм көрсөтүлгөн.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл” коллекциялык монетасы Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.



