7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ жетекчиси Баткенге жөнөп кетти, 20дан ашуун жаран жарадар болгон

1138

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев атышуу болуп жаткан кыргыз -тажик чек арасына жакын Көк-Таш айылына  жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 29-апрель кечки саат 16:32де маалымат чыгарды.

«Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек-арага
маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр чатактардын күч алганынан байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жерине жөнөп кетти. Эскерте кетсек, ӨКМдин Баткенге караштуу Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан куткаруучулары учурда Ак-Сай айылында»,-деп жазылган.

Ушул тапта Баткен облусунун аймактык ооруканасына жарадар болгон 7 жаран жаткырылган, алардын экөөсүнүн абалы оор.

“Жай тургундар эвакуацияланды, атышуу болгон жерден дагы 15ке жакын жабырлануучунун келиши күтүлүүдө”, — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1139