7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баасы такталды

9

Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баасы аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда оюндардын маданий жана спорттук иш-чаралары 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө бир нече локацияда өтөт.

Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болот. “Рух Ордо”, “Дордой Номад” амфитеатрында жана Чолпон-Атадагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билет баасы 500 сом болот.

Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша төмөнкү баада сатылат:

борбордук жашыл сектордогу орундар — 4 000 сом;
ак сектордогу стандарттык орундар — 3 000 сом;
кызыл сектордогу стандарттык орундар — 2 000 сом;
сары сектордогу эконом орундар — 1 000 сом;
көк сектордогу эконом орундар — 500 сом;

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 31-августта жаңы салынган “Бишкек арена” стадионунда өтөт. Ага билеттин баасы 5000 сом болору айтылган.

10