7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан медалдык эсепте I орунду ээледи

2

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курама командалары жалпы медалдык эсепте 72 медаль менен 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков билдирди.

Анын айтымында Кыргызстандын эсебинде 30 алтын, 29 күмүш жана 13 коло медаль бар.

“Экинчи орунду 64 медаль менен Казакстан ээлеп, 29 алтын, 16 күмүш жана 19 коло медаль топтоду. Үчүнчү орунда 34 медаль менен Россия болду. Анын эсебинде 7 алтын, 7 күмүш жана 20 коло медаль бар. Жалпысынан мелдештер спорттун 22 этноспорт түрү боюнча өткөрүлүп, бардык мелдештер жыйынтыкталды”,-деди ал.

3