7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте автобус кырсыктап, жүргүнчү жабыркады

16

Бүгүн, 21-сентябрда саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталды. Жибек Жолу көчөсү менен чыгыш багытында бара жаткан, №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун бир жүргүнчүсү жаракат алган. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жол-транспорт кырсыгы Жол кайгуул кызмат башкармалыгында каттоого алынды. Учурда тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

 

17