Бүгүн, 4-октябрь күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23…+28, Талас чөлкөмүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад облустарында +26…+31, Баткен аймагында +25…+30, Ысык-Көл облусунда +19…+24, Нарын регионунда +20…+25, градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +25…+27, Ошто +27…+29, ал эми Чолпон-Атада +21…+23 градуска көтөрүлөт.