7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кабмин төрагасы агартуучулардын иш чарасына катышып, мыкты мугалимге батирдин ачкычын тапшырды

20

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоосун окуду.

«Мугалим кесиби – мамлекеттин, коомдун жана келечек муундардын алдындагы эң жооптуу кесиптердин бири. Улуу чех ойчулу жана педагог Коменский: «Күн алдында мугалимден бийик турган эч нерсе жок», – деп таасын айтылган. Ошондой эле бүгүн мугалимдик кесипке өзүн арнаган педагогдор – биздин келечекти көп жагынан аныктаган адамдар. Ошондуктан мугалимге болгон урмат-сыйды биз өлкөбүздүн келечегине болгон урмат катары кабыл алышыбыз керек! Эң башкысы, сиздерди бүгүнкү кесиптик майрам – Билим берүү кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бүгүн өлкөбүздүн билим берүү системасы өзгөртүүлөрдүн маанилүү этабында турганда, биз билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган масштабдуу реформаларды ырааттуу ишке ашырууга күч-аракетибизди жумшап жатабыз», – деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Иш-чаранын алкагында 2026-жылы өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Конкурстар кесипкөй жана демилгелүү педагогдорун аныктоого жана колдоого багытталган 22 номинация боюнча өткөрүлгөн. Кыргызстанда жылдын мыкты мугалими Бакирова Меруэтке Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылынды. Ал Ысык-Көл районундагы Тамчы орто мектебинин мугалими.

Ал эми 18 агартуучунун ар бири 500 миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйланды.

 

21