7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түштүк Кореяда кыргызстандыктар жабыркаган мушташ боюнча тергөө башталды

13

4-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын Пхёнтхек шаарында массалык мушташ болуп, Кыргызстандын бир нече жараны жаракат алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМдин маалыматына караганда, окуя болгон күнү Кыргызстандын Кореядагы консулу жерине барып, кармалган кыргызстандыктар, жергиликтүү укук коргоо органдары жана медициналык кызматкерлер менен жолуккан.

Учурда жаракат алган мекендештердин абалы көзөмөлдө болуп, алардын укуктарын коргоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө. Кармалган жана жаракат алган жарандардын жакындары менен байланыш түзүлгөн. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Түштүк Кореянын жергиликтүү басылмалары Пхёнтхек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары катышкан мушташ болгонун жазышкан. Социалдык тармактарда ага Кыргызстандын, Казахстандын жана Тажикстандын жарандары катышканы тууралуу маалымат тараган.

ТИМдин билдирүүсүндө, учурда Түштүк Кореяда 15 миңге жакын кыргызстандык эмгек мигранты иштейт. Алардын 1,6 миңден ашуууну EPS программасы аркылуу мыйзамдуу эмгектенүүдө.

14