Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногундагы операциянын алкагында 207 миллион 550 миң АКШ долларын сатты.
Мындай ири көлөмдөгү валюталык операция буга чейин 4-сентябрда жүргүзүлгөн. Анда Улуттук банк рынокко 202 миллион 700 миң доллар чыгарган.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылы өлкөнүн башкы банкы валюта рыногунда сегиз жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 853 миллион доллар саткан.
Улуттук банк мындай чараларды улуттук валютанын курсундагы кескин өзгөрүүлөрдү азайтуу максатында колдонот. Валютага болгон суроо-талап күчөп, доллардын баасы кескин өзгөргөн учурларда рынокко кошумча валюта чыгаруу аркылуу кырдаалды жөнгө салууга аракет жасалат.



