7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1,3 млн сомдук психотроптук зат табылды! Ал почта менен келген

8

Кыргызстанга почта аркылуу психотроптук заттарды мыйзамсыз ташып келүү менен алектенген эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Москвадан Бишкекке жөнөтүлгөн почта жөнөтмөсүн текшерүү маалында балык уулоого арналган жемдердин арасынан металл идиш табылган. Анын ичинен жалпы 479 таблетка чыккан.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында таблеткалардын курамында MDMA деп аталган психотроптук зат — экстази бар экени аныкталган.

Мындан сырткары, посылкадан ичинде белгисиз зат бар 20 түйүнчөк алынган. Учурда адистер алардын курамын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүп жатышат.

Бажы кызматынын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, табылган психотроптук заттардын кара базардагы баасы 1,3 миллион сомдон ашышы мүмкүн.

Бул фактыга байланыштуу М.А.А. жана А.М.Б. аттуу эки жаран кармалганы маалымдалды. Учурда укук коргоо органдары мыйзамсыз жүгүртүү схемасына катышы бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле психотроптук заттарды мыйзамсыз ташуу менен байланышкан башка фактыларды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылып жатат.

9