UFC чемпиону Ислам Махачев Кыргызстанга болгон сапарынан сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Ал кыргыз көк бөрүчүлөрү менен түшкөн сүрөтүн бөлүштү.
Мушкердин Instagram баракчасында 14 миллиондон ашуун катталуучусу бар. Анын Кыргызстандагы сапары социалдык тармактарда да көңүл борборунда болууда.
Ислам Махачев “Бишкек Арена” комплексинин расмий ачылыш аземине ардактуу конок катары катышты. Иш-чаранын алкагында ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп, чогуу түшкөн сүрөттөрүн да жарыялады. Мушкер Кыргызстанга меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирген.
Ислам Махачев 1991-жылы 27-октябрда Орусиянын Дагестан Республикасында төрөлгөн. Ал бала кезинен спорт менен машыгып, самбо жана аралаш мушташ өнөрүндө чоң ийгиликтерге жетишкен.
2022-жылы UFCнин жеңил салмактагы чемпиондук курун жеңип алып, аны бир нече жолу ийгиликтүү коргогон. 2025-жылы жарым орто салмакка көтөрүлүп, бул дивизиондо да чемпиондук наамга ээ болгон. Махачев дүйнөлүк ММА аренасындагы алдыңкы мушкерлердин бири катары таанылган.



