Бүгүн, 11-октябрь өлкөдө күн ачык болуп, термометрдин көрсөткүчү +28 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Таласта +19…+24, Ысык-Көлдө +17…+22 жана Нарын чөлкөмүндө +16…+21 болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23…+25, Ошто +24…+26 градуска жетет.



