Маалыматка ылайык, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми Чүйдүн түндүгүндө, Таластын Кара-Буура районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин суук болушу мүмкүн.
Ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай аба ырайы мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган жана ачык калган картошкага, ошондой эле кант кызылчасына зыян келтириши мүмкүн.



