Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары барып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолугушту.
Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан.
Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду аягына чыгара албай калып, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Ошол эле учурда анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылат. Учурда Президенттин Иш башкармалыгы базарды ачууга даярдык көрүү иштерин аяктап жатат.
Мамлекет башчысы жаңы базардагы соода түйүндөрүн көрүп чыкты. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект өрт коопсуздугу жана санитардык талаптарга жооп берерин, ачууга даярдалып жатканын маалымдады.



