Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн командири кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн командири И.А. жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу түрдө тарткан. Курулуш иштерине тартылган аскер кызматкерлеринин арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте турган адамдар да болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин алкагында шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



