Кыргызстанда электр энергиясы пландалгандан ашык өндүрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Ал өлкөдө 9 айда 11,3 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөнүн айтты. План боюнча 10,3 млрд кВт саат өндүрүлмөк. Натыйжада коюлган план ашыгы менен аткарылган.
Ошондой эле министр быйыл 4 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоо пландалганын жана учурда 3 млрд кВт саат импорттолгонун кошумчалады.



