Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт.
Белгилесек, аталган жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефондук сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.