Ички иштер министрлиги жол кыймылынын катышуучуларын сак жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
Министрлик айдоочуларды унаа башкарып бара жатканда уюлдук телефонго алаксыбоого, ылдамдык режимин, жол белгилерин жана жол чырактын сигналдарын сактоого үндөдү.
Ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучуларына урмат-сый менен мамиле кылуу зарылдыгы белгиленди.
ИИМ жолдогу ар бир адамдын өмүрү жана коопсуздугу сактыкка жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга байланыштуу экенин эскертет.



