7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө күйүүчү майдын кору жыл аягына чейин жетери айтылды

16

Кечээ, 26-октябрда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Маалым болгондой, жыйында тиешелүү мамлекеттик органдардын алып барып жаткан иш-аракеттери тууралуу айтылды.

«Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу жана сатуучу компанияларды колдоо үчүн республикалык бюджеттен 11,389 миллиард сомдон ашык каражат каралып, анын 2,623 миллиард сомдон ашыгы берилди. Бензиндин, дизелдик отундун жана суюлтулган газдын кору 2026-жылдын аягына чейин жетиштүү»,— деп белгиленди маалыматта.

Жыйындын соңунда Касымалиев күйүүчү майларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо, чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү жана мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо иштерин тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.

 

17