Бишкекте жалпы салмагы 7,3 килограммды түзгөн синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.
Министрлигинин маалыматына ылайык, алардын бири чет өлкөлүк, экинчиси Кыргызстандын жараны, экөө тең 26 жашта.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 6,3 килограмм мефедрон жана 1 килограмм чарс табылып алынган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, баңгизаттар сатылган учурда мыйзамсыз киреше 46 миллион сомду түзмөк.
Шектүүлөрдүн баңгизаттарды башка өлкөлөрдө таратууга тиешеси бар экени тууралуу да маалыматтар аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.



