7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаңы үлгүдөгү «акылдуу» аялдамалар пайда болду

15

Бишкекте жаңы үлгүдөгү «акылдуу» аялдамалар пайда болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Акылдуу аялдама» социалдык долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалымат тактасы орнотулду. Долбоорду Санариптик технологиялар борбору ишке ашырууда.

Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамага маалымат тактасы орнотулду. Ал жүргүнчүлөргө коомдук транспорттун жакындап калганын кабарлайт.

«Интерактивдүү такталар аркылуу жүргүнчүлөр каттамдар, автобустардын номерлери, багыттары жана бара турган жерге чейинки аралык тууралуу маалымат ала алышат. Бул шаар тургундарына жана меймандарына коомдук транспортту ыңгайлуу пайдаланууга жардам берет»,-деп айтылат маалыматта.

16