7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат

490

 Кыргыз-тажик чек арасындагы кооптуу кырдаалдын фонунда биздин достук мамиледеги мамлекеттерибиздин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасына терс таасирин тийгизе турган дезинформациянын чоң агымы жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖМКлар дагы, маалымат таратуучулар дагы өтө кылдат болушу керек. Бүгүнкү күндө ар бир интернет колдонуучу шектүү булактардан алынган маалыматтардын негизинде дүйнөнүн жеке картинасын түзө алат. Өлкөнүн, аскер кызматкерлеринин жана чек арага жакын жашаган жарандардын тагдыры ушуга көз каранды. КРнын улуттук коопсуздугуна олуттуу таасирин тийгизээри айтылган.

“Ошондой эле, социалдык тармактарда коомдук топтордун ээлерин алынган маалыматтарды кылдаттык менен текшерип, дезинформацияга бөгөт коюуга жана мамлекетибизди алсыратууга кызыкдар күчтөргө жардам бербөөгө чакырабыз. Социалдык тармактын колдонуучуларынан негативдүү комментарийлерди жазуудан карманууну, тиркемелерде кырдаалды курчуткан аудио-видео жаздырууларды жайылтпоону өтүнөбүз”,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

491