Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин койгон жарандар менен жолугушту. Жолугушууда шайлоого даярдык, талапкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жана административдик ресурсту пайдалануу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлүп, административдик басымга, коркутууга жана жасалма тоскоолдуктарга жол берилбеши керек.
Ошондой эле Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайрылып, кызматтык абалынан пайдаланып, кайсы бир талапкердин кызыкчылыгын көздөөгө же башкаларга тоскоолдук жаратууга мыйзам жол бербей турганын эскертти.
Президенттин белгилешинче, шайлоо жараянына мыйзамсыз кийлигишкен кызмат адамдары мыйзам алдында жооп берет. Ал эми шайлоо саясий атаандаштыкка, ачык талкууга жана жарандардын эркин тандоосуна негизделиши керек.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы «Түндүк» тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерге кол топтоо жараяны жүрүп жатканын эске салып, жарандарды ага активдүү катышууга чакырды. Ал электрондук түрдө кол коюу добуш берүү эмес, талапкердин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берген алгачкы баскыч экенин түшүндүрдү.
Садыр Жапаров жарандарды талапкерлердин программалары менен таанышып, сунуштарын салыштырып, акыркы тандоону шайлоо күнү жасоого үндөдү.



