Нарын шаарында сел коркунучун алдын алуу максатында коктуларга габион торчолорунан төрт дамба жана селкана курулду.
Нарын мэриясынын маалыматка ылайык, курулуш иштери Чоң-Чыргайлуу жана Суу сактагыч коктуларында жүргүзүлдү. Дамбалар сел сууларынын агымын азайтып, кум-шагылдардын турак жайларга жана жолдорго жетүүсүнө бөгөт коюуга багытталган.
Анын натыйжасында Чоң-Чыргайлуу коктусундагы тосмолор 52 турак үйдү, ал эми Суу сактагыч коктусундагы дамбалар 39 турак үйдү сел коркунучунан коргойт.



