Ош шаарында курулуш талаптарын бузуу менен салынган бардык мыйзамсыз объектилер буздурулат.
Ош мэриясы билдиргиндей, учурда Ак-Буура дарыясынын 50 метрлик суу коргоо аймагында жайгашкан “Аура” коммерциялык объектисин бузуу иштери жүрүп жатат.
Мэрия жарандарды жана ишкерлерди курулуш нормаларын сактоого жана уруксатсыз курулуш жүргүзбөөгө чакырды.



