Кыргызстан Токио, Сеул жана Сингапур шаарлары менен түз аба каттамдарын ачууну пландап жатат.
Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда Франкфурт, Мюнхен, Прага, Милан, Лондон жана Будапешт шаарларына каттам ачуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ага Кыргызстандын жарандык авиация жана аэропорт жетекчилери катышууда.



