7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Учур: Достук айылынын тургундарына бир дагы гумжардам көрсөтүлгөн эмес

1070

29-апрелде Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында жайгашкан 65 турак жайдын 12си толугу менен күйүп кеткен. Учурда жергиликтүү тургундар облустук администрациясынын алдына чогулушту. Алар чек ара чырын иликтөөнү тездетүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу аймактык журналист Айжамал Мырзадөөлөт кызы жеринен маалымдады.

Алардын айтымдарында, ушул күнгө чейин бир дагы гумантардык жардам көрсөтүлгөн эмес.

Эске сала кетсек, Учурда чек арадагы окуядан кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Аймакта келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, облуста жалпы 104 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куйуучу жай, 8 дүкөн күйгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1071