Ички иштер министрлиги жардыруучу түзүлүштөр коюлганы тууралуу атайылап жалган билдирүүлөр, анын ичинде жашы жете электер тарабынан жасалган учурлар көбөйүп жатканын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, мындай билдирүүлөргө байланыштуу укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар кызматтары текшерүү иштерин жүргүзүп, олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын тартууга аргасыз болушат. Мындан тышкары, калк арасында тынчсыздануу жаралып, мамлекеттик мекемелердин ишине тоскоолдук келтирилет.
Ушуга байланыштуу ИИМ ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна көңүл буруп, жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат таратуунун кесепеттерин жана укуктук жоопкерчилигин түшүндүрүүгө чакырды.
Министрлик мындай билдирүүлөрдү жөн гана тамаша катары кабыл алууга болбой турганын белгилеп, ата-энелерди балдары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө үндөдү.



