7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто троллейбус айдоочулары жетекчиликке нааразы болуп иш таштады

1408

Ош шаарында бүгүн коомдук транстпорт, троллейбус ишке чыккан жок себеби айдоочулар жалпы иш таштады. Алар жетекчилик укпай жатканына жана жүргүнчүлөр аз болсо да, күнүмдүк пландын төлөмү жогору болуп, чыгымга учурап жаткандыгына нааразы.

Маалыматка ылайык акыркы 2 айда жетекчилик айдоочулардын планына дагы 200 сом кошкон. Аныгыраагы мурда ар бир каттамдан 350 сомдон берип келишсе, жаңы тариф боюнча 400 дөн 600 сомго чейин жогорулаган.

«Жүргүнчүлөр аз болуп, акыркы жумада планга жетпей, карызга кирип кеттик», — деген айдоочулар, өз талабын жетекчилике иш таштоо менен жеткиргиси келген. Себеби, ишкана жетекчиси айдоочулар менен сүйлөшпөйт.

Ош шаардык миниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Саипжан Турдуев, айдоочулардын бул аракетин мамлекеттик кызматка карата кыянаттык деп баалай турганын билдирди.

«Биринчиден мага расмий кат менен кайрылышкан эмес. Экинчиден айдоочулардын үстүнөн карай турган жетекчилер бар, мен ошолор менен сүйлөшөм. Ал эми бүгүнкү иш таштоосу, мамлекеттин ишин зыянга учуратуу бул кылмыш. Бул боюнча мен атайын кызматтарга кайрылат, териштирүү жүрөт. Бүгүнкү рейстегилер чыкпай калганынан эртең чыга турган айдоочуларды чакыртсам, алар да келбеди. Ачык эле айтышты, «Биз сүйлөшүп алганбыз, чыга албайбыз, коркобуз» -деп. Мунун баары текшерилет, уюштуруучуларга зарыл болгон чараны көрөбүз, керек болсо иштен алабыз«- деди Турдуев.


Эске салсак, бүгүн Ош шаарында 1-2- каттам менен 20 троллейбус айдоочусу ишке чыкмак. Ишканада жалпы 31 троллейбус жана 30 автобус бар.

Айдоочулар мындан сырткары жергиликтүү журналисттерге айлыктары аз экендигин даттанды. 5, 8, 10 миңден алабыз деген аарызданууга мекеменин юристи, иштеген саатына, карап алып келген акчасынын 13%ы берилээрин айтты. Эске салсак алар кезектешип иштегендиктен 1 айда 10 күн эле жумушка чыгат.

Сүрөттөр «Т медиа» баракчасынын түз эфиринен алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1409