7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде тажиктердин 3 фурасы токтотулду, тургундарга сөгүнгөн милицияга кызматтык иликтөө башталды

1945
Кече 11-апрель күнү, кечки саат 18:00 чамасында  Баткен шаарында Тажикстанга бараткан жүк ташыган 3 фура жергиликтүү тургундар тарабынан токтотулган. Абалды көзөмөлдөөгө келген күч түзүмдөрү, жергиликтүү тургундарга орой мамиле кылып, сөгүнүүгө чейин барган.
Анын бул аракети тасмага тартылып, интернетке таркап кеткен. 
Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы аталган окуяда элге орой мамиле кылып, милициянын беделине терс пикир жараткан кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталганын кабарлайт.
«3 таджик жарандарынын оор жүк ташуучу унаасы келип, эл тарабынан токтотулуп, ызы-чуу салганда ИИОнун айрым бир кызматкерлери тарабынан одоно мамиле жасалып, ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору коомчукка соцтармактарда таркап, милициянын беделине терс пикирлер жазылды.
ИИОнун кызматкерлеринин жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн, ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында бул кызматкерлерге тартиптик чаралар колдонулат» -дейт Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы Дамира Юсупова.
Ошондой эле Баткен ОИИБи жергиликтүү тургундар тарабынан токтотулган жүк ташуучу унаалар аткезчиликке тиешеси жок деп билдирет.
«3 фура тең тажиктерге тиешелүү болгон. Анын ичинде Россиядан келе жаткан эски буюмдар, муздаткыч, бочка, плинтус жана ушуга окшогон эски буюмдар экен» -деди Юсупова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1946