Садыр Жапаров кечээ, 11-майда, Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салуудан курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп кызматкерлеринин курман болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат көңүл айтууда.
Эске салсак, кечээ, 11-майда Татарстанда 19 жаштагы жаран өзү окуп кеткен мектепке курал менен кирип окуучуларга ок чыгарган. Каргашалуу окуядан 2 мугалим, 7 токуучу каза болуп, дагы 21и жарадар болгон.