7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептеги окуядан каза болгон мугалим окуучуну коргойм деп окко төшүн тоскон

6867

Казандагы мектепте болгон ок атышуудан каза болгон мугалим Эльвира Игнатьева баланы сактап калуу үчүн өз жанын курман кылган. Бул тууралуу милиция кызматкерлери билдиришкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Игнатьева окуучуларынын бирин сактап калууга аракет кылган, жана бул тууралуу трагедиянын күбөлөрү айтып беришкен. Мугалим окуучуну ок аткан адамдан алыстатып, анын куралынын жолунда туруп, баланы натыйжалуу коргой алган.

Маркум мектепте төрт жылга жакын сабак берген, ал 2018-жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагында 2-орунду ээлеген.

Эскерте кетсек, 11-майда 19 жаштагы Ильназ Галявиев өзү окуп бүткөн гимназияга курал менен кирип, окуучуларды барымтага алып 7 окуучуну, 2 мугалимди өлтүргөн. Каргашалуу окуядан дагы 125 жаран жаракат алган. Кечээ, 12-майда Ильназ Галявиевге сот өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6868