УКМК депутат Аккулу Бердиевдин «тажик тарап чек арада окоп казып жатат» деген пикирине жооп берди. Ал мындай билдирүсүн бүгүн, 19-майда өткөн парламенттин кезектеги жыйынында билдирген.
Буга ылайык, УКМКНын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу экени айтат.
«Республиканын чек ара ведомствосу тарабынан чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатат, анын ичинде чек ара өкүлдөрүнүн ишин активдештирүү, чек арада жаңжалдын жана анын курчушун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, көзөмөл жүргүзүлүп, чек арага жакын райондордогу абал анализденип жатат, бир катар ыкчам чаралар көрүлүп, башка мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттер механизми иштелип чыгууда», — деп берилет билдирүүдө.
Белгиленгендей, КР УКМКнын Чек ара кызматында мамлекеттик чек арадагы абалдын курчуп кетишине ыкчам жана натыйжалуу чара көрүү үчүн жетиштүү күчкө жана каражаттар бар экени белгиленди.
Ведомство жарандардын көңүлүн мамлекеттик чек арада, айрыкча, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал турукташкан мезгилде кырдаалды курчутууга өбөлгө түзгөн билдирүүлөрдүн жол берилбестигине бөтөнчө көңүл бурду.