7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Администрация 28 миллион сомдук жер тилкелерин жеке жактарга берип жиберген

595

Жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 28 миллион  273 миң 693 сомду түзгөн жер тилкелери мэрияга кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылдын 16-мартында жер мыйзамдарынын талаптары бузуу менен “кызыл” сызык чегинен тышкары жайгашкан, “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 5 жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.

«Прокуратура көрсөтүлгөн жерлерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндөгү прокурордук акты менен сот органдарына кайрылган. Кароонун жыйынтыгында доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596