7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшөрүн билдирди

415

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда айтканын «TASS» маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Путин коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин адистер изилдеп жатканын да кошумчалады.

Буга чейин кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселесинен тышкары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү жана евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтык тууралуу сөз болоору кабарланган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстанда 36 адам, тажик тараптан 19 адам курман болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Орус президенти Путин бул окуяны тажик президенти Эмомали Рахмон менен 8-майда Москвадагы жолугушуусунда талкуулаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

416