7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Азиз Суракматовдун 50 млн. долларлык мыйзамсыз байлыктарын жарыялады

1055

УКМК Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовду коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармаган. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мэрияда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү кылмыштарды аныктоо иш-чаралардын алкагында, айрым курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгендиги боюнча, коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылары аныкталган.

2018-жылдан 2020-жылга чейин борбор калаанын мэрлигин аркалап келген Азиз Суракматов жана анын кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалитеттин айрым кызмат адамдары жана ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

Ал эми Суракматов мыйзамсыз алынган муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо максатында, анын аффилиренген филиалдарына таандык, жана ошондой эле курулуш нормаларынан жана эрежелеринен четтеп курулган объектилерди киргизүүгө кадырын салып, кысым көрсөтүп курулуш компанияларынын өкүлдөрү тарабынан көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат алган. Натыйжада экс-мэрдин активдери жана анын жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, болжол менен 50 миллион АКШ долларына бааланган.

«26-майында коррупцияга шектелген Азиз Суракматов УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ушул кылмышты жасоого катышкан адамдарды жана алар тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

фотографии обьектов

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1056