Майнинг-ферманын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду, — деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-фермасынын (криптовалюта үчүн өндүрүшүндөгү) мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталган.
«Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан, майнинг-фермасынын эксплуатациялоо үчүн электр энергиясын мыйзамсыз камсыз кылып, экинчиден электр энергиясын керектөөдөн ашыкча киреше алып, андан кийин республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн ири өндүрүүчү объекттери ачыкталды», — деп берилет маалыматта.
Аталган факт КР УКМК сотко чейинки өндүрүшүнө катталды. Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2 миңге жакын жабдуу алынган:
-Чүй областы, Ысык-Ата району, Дружба айылы;
-Бишкек шаарынын, Чокан Валиханов көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;
— Бишкек шаарынын, Табалдиев көчөсүндөгү өнөр жай объектилери;
— ЭЭА аймагындагы Бишкек шаардык өнөр жай объектилери;
— Бишкек шаардык «Фрунзе» заводу, Интергельпо көчөсү;
— Бишкек шаарындагы, Чокан Валиханов көчөсүндөгү жеке менчик объект.
Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.