«Кемчиликтер процесс ишке берилгенден кийин эмес, ага чейин аныкталышы керек», — дейт Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кечээ, 26-майда «Смарт Бажы» санариптик платформасынын долбоору менен таанышуу учурунда.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров белгилегендей, бирдиктүү санариптик платформа тышкы экономикалык ишмердүүлүк субьектилери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле бажыны жөнгө салуу сапатын жакшыртып, анын ичинде өлкө экономикасына инвестицияларды жогорулатууга шарт түзөт.
2021-2022-жылдарга «Смарт Бажы» долбоорун ишке ашыруу боюнча жол картасы сунушталды. Ал эми аталган платформаны түзүп, атамекендик экспертизаны өнүктүрүү максатында жергиликтүү IT-компаниялар иш алып барышат.
Кабминдин төрагасы: «Бардык тобокелдиктерди максималдуу түрдө иштеп чыгуу зарыл. Маанилүү кемчиликтер процесс ишке берилгенден кийин эмес, иштеп чыгуунун жүрүшүндө аныкталышы керек», — деген пикирин билдирди.