7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үйлөнүү боюнча Ош облусу, ажырашуу боюнча Бишкек шаары алдыда

688

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашуу фактылары жылдан жылга көбөйүүдө. 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, 2019-жылы бул сан 10 миң 995ге жеткен. Ал эми 2020-жылга карата маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтка чыга элек.

Ал эми никеге тургандар боюнча Ош облусу алдыда.  Жыл башынан бери 5 айдын ичинде 4092 жуп үйлөнгөн. Ал эми эң көп ажырашуу Бишкек шаарында. Январдан бери эки ача жолго түшүү арызы менен расмийлерге 897 кайрылуу келген. 2021-жылда өлкө боюнча 19 498 жуп расмий никеге катталышкан.

Эске салсак 2020-жылы күчүнө кирген «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзам боюнча өлкө атуулдары жашаган жери боюнча каттоосуна карабай, каалаган жеринде никеге туруп, ажырашууну да каттата алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689