7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы Прокурордун орун басары БУУнун коррупция боюнча сессиясына катышты

600

Башкы прокурордун орун басары Абай Молдокматов баштаган Кыргызстандын делегациясы   БУУнун Башкы ассамблеясынын Коррупцияга каршы атайын сессиясына катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2-июнунан 4-июнга чейин БУУнун Башкы ассамблеясы коррупцияны алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча милдеттер жана чаралар жөнүндө Саясий декларацияны кабыл алды.

Кыргызстан коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык тутумдун толук кандуу катышуучусу болууга умтулуу менен, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын жалпылаштыруу механизмине жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Стамбул планын ишке ашырууга активдүү катышууда.

Токтолуп кетчү жагдай, Кыргызстан Саясий декларациянын долбоорун иштеп чыгууга активдүү катышкан жана учурдагы эл аралык түзүлүшкө негизделген документ концептуалдык жана мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү ишин өркүндөтүү боюнча жумушчу инструмент болуп бере алаарына ишенимин билдирип, БУУнун Башкы ассамблеясынын Атайын сессиясынын жүрүшүндө анын кабыл алынышын кубаттады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601