7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда коронавируска каршы 88,1 миңден ашык адам вакцина алды

611

Кыргызстанда өткөн 24 саатта коронавируска каршы вакцинаны 2 миң 954 адам алды, анын ичинен 2 миң 421ине экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы 88 миң 178 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 47 миң 400ү вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

— Бишкекте – 21 миң 423;
— Ошто – 7 миң 249;
— Чүй облусунда – 14 миң 816;
— Ош облусу – 11 миң 975;
— Ысык-Көл облусу – 8 миң 265;
— Талас облусу – 4 миң 398;
— Нарын облусу – 4 миң 529;
— Жалал-Абад облусу – 11 миң 627;
— Баткен облусу – 3 миң 886.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

612