7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: 270 сомдун айынан 25 жаштагы жигит көз жумуп, кылмышка шектүүлөр кармалды

1285

Ош  шаарында көп кабаттуу үйдүн алдындагы электр чордонунун жанынан, 5-июнь таңга маал жаш жигиттин жансыз делеси табылып, милицияга кабарланган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма соз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Ош ШИИБи сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө, соттук-медициналык экспертиза маркум, Өзгөн районунун 1995-жылы туулган тургуну Э.Энин  сол тарабындагы 2,3 кабыргалары сынганы жана адам колдуу болуп өлгөнүн аныкталган.

Кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1992-жылы туулган Б.Э жана Алай районунун 1991-жылы туулган Ж.Б кармалган.

Алар  4-июнь күнү, саат болжол менен 14:00 чамасында,  мас абалында Э.у.Э жаткан электр чордонунун жанына барып, орун талашып уруша кеткенин айтып беришкен. Экөөлөп маркумду тепкилеп,  ал өзүн билбей калганда чөнтөгүндөгү 270 сом акчасын алып кетип калышканын көрсөтүшкөн.

Кылмышка шектүү катары кармалган Б.Э жана Ж.Бнун баш коргоо чарасы каралып, тергөө аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыкты.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1286