7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги таштанды полигонун рекультивациялоо иштери башталат

595

Бишкектин шаардык таштанды полигонун рекультивациялоо иштери кайра башталат. Бул тууралуу «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-майында «Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында иштерди жандандыруу максатында подрядчылар жана эстониялык «Ранд жана Туулберг” курулуш компаниясы өкүлдөрүнүн биринчи тобу Бишкекке келген. Ал эми экинчи тобу июнь айында вакцинадан өтүп, жумушчу визаларын алгандан кийин келишет.

“Буга чейин долбоорго байланыштуу бардык иштер пандемиядан улам 14 айга токтотулган. Учурда долбоор боюнча келишимди 17 айга чейин узартуу пландалууда. Шаардык таштанды полигонунун аймагы дагы 3,8 гектарга кеңейип кеткенине байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы баанын жогорулашы күтүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында эски таштандынын жер кыртышы толугу менен кайра иштетилет. Жер кыртышынын үстү 0,5 метр чопо катмары менен жабылса, 0,2 метр жер семирткич катары колдонулган түшүмдүү катмар менен жабылып, ал айыл чарба жерлерине айландырылат.

Эске салсак, «Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбооруна 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган. Долбоордун жалпы наркы 22 млн еврону түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

596