7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте соода борборлорунда ачылган эмдөө пункттарынын тизмеси жарыяланды

867

Бишкекте соода борборлорунда убактылуу ачылган эмдөө пункттарынын тизмеси жарыяланды. Анда шаар тургундары «Sinopharm» кытай вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу муниципалитет маалымдайт.

Төмөндө эмдөө пункттарынын даректери:

Ленин району:

— «Берекет универсал» соода борбору, Ош базарынын аймагында (Фучик көчөсү, № 20/3, 0-кабат);

— «Азия Молл» соода борбору (Ч.Айтматов проспектиси № 3);

Октябрь району:

— «Таш-Рабат» соода борбору (М.Горький көчөсү, № 1);

— «Космопарк» соода борбору (Юнусалиев көчөсү, № 40а (7-кичирайон);

Биринчи май району

— «Вефа» соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү, № 98);

— «Бишкекпарк» соода борбору (Киев көчөсү, № 148);

Свердлов району:

— «Деский мир» соода борбору (Чүй проспекти, № 147/4);

— «Чынар» базары (Аламедин-1 кичирайону, № 63/1).

«Вакцина алуучунун паспорту жанында болуусу керек, анткени паспорттогу бардык маалымат боюнча эмделүүчү адам Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөдөн өткөндөрдүн маалымат базасына киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

868