7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир суткада 1 миң 373 адамдан вирус аныкталып, 10 бейтап каза болду

883

Кыргызстанда 18-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 373 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 832, Ош шаарында – 45, Чүй облусунда – 163, Ош облусунда – 57, Талас облусунда – 25, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 57, Баткен облусунда – 119 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 1 миң 103 адам илдеттен сакайып чыгарылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда 6, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 725 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 753 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 43 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 166 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 373 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 149 миң 29 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 125 миң 161 киши айыгып чыкса, 2 миң 175 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

884