7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов Баткендеги селден кыйраган айылдарга барып, эл менен жолукту

700

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарына барды. Бул тууралуу ведомоствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  башчысы сел ташкындарынан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу иштери менен таанышты.

Белгиленгендей, сел кырсыгы орун алган жерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү тартылган.

«Зарыл болгон учурда дагы кошумча күчтөр тартылат. Атайы техниканын жардамы менен кыска мөөнөттө жолдорду, турак-жайлардын жана башка имараттардын аймагын тазалоо иштерин жыйынтыктоо керек. Адамдар тез арада кадимки жашоо нугуна кайтуусу үчүн колдон келген күч-аракеттерди жумшоо зарыл», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Буга катар ал жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү зарылдыгына басым жасады.

«Адамдардын коопсуздугу баарынан жогору турат, өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн кооптуу шартта жашоого мүмкүн эмес. Жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттик органдар менен биргеликте табигат кырсыктарынын алдын алуу боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын түзүүсү тийиш. Бул багытта ийгиликтүү иш алып барган башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө зарыл», – дейт ал.

Баткен облусунун Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында 31 турак-жай жабыркаган, учурда келтирилген зыяндын кесепетин баалоо боюнча иштер жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701