7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги Тажикстандын агрессиясынан кыйраган үйлөрдүн курулушу 80% бүттү

1784

Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун  үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 га жер тилкеси бөлүнгөн.

Белгиленгендей, мында 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда.

«Курулуп жаткан үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун», — деди Улукбек Марипов.

Белгилесек, турак-жайлардын курулушу 80% бүткөрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү мерчемделген. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу пландаштырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1785