7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чынын айтсам ыйлагым келип турат. Айсулуу пост жазды

8171

Токио Олимпиадасында аялдар күрөшүнөн күмүш медалдын жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова, узак убакытка созулган тыныгуудан кийин, бүгүн, 4-август фейсбук баракчасы аркылуу кыргыз элине кайрылуу жазды.

Эске салсак, ал фейсбук баракчасына соңку ирет 16-мартта «Олимпиадага даярдык күчөп жаткандыктан, социалдык баракчаларды караганга убаатым жок, сиздерден келген каттарга жооп бере албай калсам, кечирип коюңуздар«,- деп жазган.

Айсулуунун билдирүүсү өзгөртүүсүз берилди.

Кадырлуу кыргыз элим!

Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам!

Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат…

Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык!

Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз.

Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм! Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга!

Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8172