7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова 7,5 млн, машыктыруучусу 2 млн 225 миң сом сыйлык алат

6918

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынды.

Ал кечээ, 4-августта алтын медаль үчүн беттеште япониялык атаандашы Юкако Каваиге жеңилип калды.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан болчу.

Олимпиада оюндарына чейин Кыргызстан Өкмөтү медаль жеңген спортчуларга акчалай сыйлык берүү жөнүндө токтом чыгарган.

Ага ылайык, Тыныбековага күмүш медалы үчүн мамлекет тарабынан 7,5 миллион сом берилет.

Ошондой эле Олимпиада оюндарындагы кыргыз балбандарынын башкы жана улук машыктыруучусу, дарыгер жана укалоочу, Тыныбекованын жеке жана биринчи машыктыруучусу да акчалай сыйлык менен сыйланат.

Жалпысынан мамлекет Тыныбекованын күмүш медалы үчүн 15 млн 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.

Акчалай сыйлыктын ээлери:

— Айсулуу Тыныбекова — 7,5 млн сом;

— Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков — 2 млн 225 миң сом;

— Улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев— 1 млн 875 миң сом;

— Жеке машыктыруучусу Нурбек Изабеков — 1 млн 875 миң сом;

— Биринчи машыктыруучусу — 750 миң сом;

— Дарыгер Бактыгүл Алишева — 750 миң сом;

— Укалоочу Константин Еремич — 750 миң сом.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6919