7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спортчуларды тосуп алуу аземине коопсуздук үчүн 600 милиционер тартылат

644

Токио Олимпиадасынан байге алган спортчулардын урматына “Ала-Тоо” аянтында уюштурула турган салтанатта коопсуздукту сактоого 600дөн ашык милиционер тартылат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн ШИИБде коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын инструктаж өткөн.

Маданият, маалымат жана спорт министрлигинин маалыматына караганда, иш-чара түшкү саат 13:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645